Депрессия деген эмне

Депрессия деген эмне

ДЕПРЕССИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ? КАНТИП АРЫЛСА БОЛОТ?

Депрессияга баткан эркектер аракеч, кыздар жүдөө болуп кетет экен. Андан кантип арылса болот?

Кыш узак болуп, адамга күндүн нуру жетишпегенде депрессия башталат.

Депрессия деген эмне?

— Депрессия – кыргызча атканда көңүл чөгүү. Бул дарт жөнөкөй көрүнгөнү менен өтө оор. Азыр көбүнчө 40 жашка чейинки адамдар депрессияга чалдыгып жатышат. Күнүмдүк турмушун жакшыртууга мүмкүнчүлүгү жетпей башым, жүрөгүм, омурткам ооруп, чарчап-чаалыгып, уйкум качып, көңүлүм чөгүп жатат дегендер коп. Алардын организмин текшергенде саламаттыгы таза. Врачтар билбей жатышат. Менде катуу оору бар деп табып, көзү ачык, экстрасенстерге көрүнүшөт. Алар сага дуба, көз тийиптир деп эмдөөгө аракеттенишет, бирок натыйжа чыкпайт. Ошол себептен азыр 20 %га чейинки адам депрессиянын оор абалында турат.

Күндүн нуру күчтүү тийген маалда адамдын организминде заттар бөлүнүп чыгат. Ошол заттар адамда депрессияга каршы иммунитет пайда кылат. Кыш узак болуп күндүн жарыгын азыраак алып, сууктан коркуп үйдө отурабыз. Жылдын мезгили да кандайдыр бир деңгээлде адамдын ден-соолугуна тасир берет. Норвегия, Финляндия сыяктуу түндүктө жашаган өлкөлөрдө күн аз тийгендиктен депрессяга чалдыккан адамдардын саны көбүрөөк. Өзүнө-өзү кол салуу депрессияга чалдыккан адамдардын 20 % түзөт. Айрым жаштар депрессиядан чыгалбай өлүп жатышат. Ал эми эркектердин көбү депрессия убагында аракка берилет. Жапжаш кыздар чачын да тарагысы келбей, тез чарчап, алы кетет.

Бизде депрессия тууралуу түшүнүк аз. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун атайын аныктамасы бар. Дени сак адамды кантип түшүнөбүз дегенде биринчиден, физикалык жактан органдары таза болсо, экинчиден психикалык абалы жакшы, депрессиясы жок болсо, үчүнчүдөн социалдык жактан камсыз болгон адамды чыныгы ден-соолукта деп эсептесе болот дейт. Учурда депрессияны толук дарылоого мүмкүнчүлүк бар. Психиатр десе эле мен эмне жинди болуп калдымбы деп чочулашат. Бул деле башка оорулардай өтүп кетчү дарт.

Жазда аба ырайы, мезгил алмашат. Ушул маалда да организмде депрессияны колдой турган ыңгайлуу шарттар, биохимиялык өзгөрүүлөр пайда болот. Адамдын башында сиротамин деген зат бар. Эгер ал бөлүнүп чыкпаса биз депрессияга түшүп калабыз. Адам бардык жагынан жетиштүү, көйгөйү жок болсо да депрессияга туштугат.
Белгилери:

Адегенде турмушка болгон кызыгуу азаят, мурда бир нерсеге кубанып, максат коюп, энергиялуу адам тез эле кайдыгер тартып калат. Турмуштан байыр алуу жоголуп, тамакка табити тартпайт, баш оору, уйкунун бузулушу, ыйлаактык, таарынчаактык, өзүн-өзү күнөөлөө күч алып, өлүмдү самай башташат. Эске тутуу начарлайт, тез унутат. Абдан санаачыл тартып, асан кайгы болуп, болбогон нерсеге туталанып, көңүл ачуучу жерлерге баруудан качат. Көпчүлүккө аралашкысы келбейт. Башы ооруп, омурткасы сыздайт. А биз аны остеохондроз деп дарыланып баштайбыз. Кээси мойнуна туз уюп калыптыр дешет. Эгер ошол тузду массаж кылса бир нече убакыттан кийин жеңил сезип калат. Бирок ал кайра эле башталат. Кээси баштын ичинде кан басымым бар дейт. Ушулардын баары депрессиянын белгилери. Кээ бирөө тынч отурса деле кыймылдап сөөктөрүн кычырата берет. Ал адамда жашыруун депрессия болушу мүмкүн. Эгер ушундай акыбал эки жумадан ашык созулса, анда дарылануу шарт. Кээде бир жарым эки жумадан кийин организм депрессияга каршы күрөшүп өтүп кетет. Адам биринчиден өздөрүнүн психикалык ден соолугуна көңүл бурушу керек. Депрессиядан дарыланбай жүрө берсе башка ооруларды ырбатып өмүрү өкүнүчтүү аяктайт.

Депрессиядан кантип чыкса болот?

Депрессиядан чыгуу үчүн ар бир адам өзү аракеттенип, таза абада дем алып, күнгө чыгып, жакшы нерсеге алаксытып, режим сакташ керек. Эгер ошондо да колунан келбесе адиске кайрылышы шарт. Мындай адамдарга негативдүү, ызы-чуулуу тасмаларды карабай, митинг, пикетке чыкпай, комедия көрүп, жагымдуу, жай музыканы угушу туура. Адамдын көңүлүн көтөрө турган чыгармаларды угуп, көрүш керек. Өтө кызыл, кочкул, кара түстөгү өң адамды чарчатат депрессияны ого бетер күчөтөт. Көгүлтүр, ачык жашыл түстөр көңүлдү көтөрөт. Депрессия учурунда апельсин, алма, курма, банан, ак шоколад жесе баштагы сиротаминдин иштеп чыгышына жол берет.

  • Жакты
  • Жакпады

Sladkaya 14 Aug 2015

Американын Иллинойс штатынын университетинин окмуштуулар тобу аялдардын депрессияга киришинин негизги себебин аныкташты. Анда глутамат системанын иштешиндеги айырмачылыктар байкалган. Бул тууралуу psychcentral.com булагы жазууда.

Америкалык адистер аялдардын нерв бузулушунун себептерин эчендеген жылдар изилдеп келатышат. Ушунча убакыттан кийин гана аялдардын депрессияга кабылышынын башкы себеби табылды. Мындай ооруга кабылган аялдардын себебин окмуштуулар нейромедиатордук системаларды жөндөгөн гендердин экспрессия деңгээлинин жогорулашынан боло тургандыгын жазып чыгышты. Ушуга чейин бул системанын бузулушун шизофрения, эпилепсия, аутизм жана башка ооруларга байланыштырып келишкен.

Мындай жыйынтык депрессия оорусу менен азап чеккен аялдардын же эркектердин мээ ткандарын негизинде изилдөөлөрдөн кийин чыгарылган. Буга кошумча ушундай ооруларга кабылган кишилер дагы изилдөө алкагына кирген. Окмуштуулардын пикиринде, бул жыйынтык аркылуу аялдар эмнеге эркектерге караганда эки-үч эсеге көбүрөөк өзү-өзүнө кол салаары белгилүү болду. Болгону аялдар көбүрөөк өзүн өлтүрүүгө аракет кылышат, бирок жыйынтыксыз калат. Ал эми эркектерде муну аткаруу эки эсеге көптүк кылат.

Бул жаңы изилдөөнүн авторлору депрессия менен азап чеккендерге аз өлчөмдө кетамин колдонууну сунуштап жатышат. Себеби ал кандайдыр бир бөлүктө глутамат системанын калыбына келтирүүгө жардам берет.

Мындан мурун дагы бир дарыгерлердин изилдөө тобу аялдардын депрессия себептерин аныктап чыгышкан. Алар организмдеги D витаминин жетишсиздигинен улам дегендей бүтүм чыгарышкан. Бирок, буга өздөрү дагы толук ишенбегиндигинен бул оорунун бир себеби гана болушу мүмкүн экендигин мойнуна алышкан

  • Жакты
  • Жакпады

Janylka 15 Aug 2015

Чыгыш медицинасында адамдын руханий ден соолугуна көп маани берилет. Анткени, кандай оору болбосун түпкү себеби жан дүйнөнүн бөксөргөндүгүнөн пайда болот. Сыртка билинбегени менен бир топ убакытта адам бул ооруларды ичинде көтөрүп жүрө берет. Качан гана адамды жүдөтүп, алсыратып жибергенде кошумча оору жабышат. Эгерде руханий оорулар менен күрөшүүнү адам өзү колго албаса, медицина жардам бере албайт. Эмне кылуу керек деп ойлоп жатсаныз, анда көңүл буруңуз.

Жашоодо руханий ооруларга кабылдырган 10 абал жана эмне кылуу керектиги тууралуу: .

1. Бүтпөгөн, аягына чыкпай калган иштер;

Жаңы ишти колго алып жатканда, кандайдыр бир себептен аягына чыкпай калган учурлар көп кездешет. Адамдын психикасы комьпютер сыяктуу эле жабылбай калган файлдардай катып калат. Көңүл бурбайын деген менен мындай учурлар убакытты, күчтү, энергияны кетирет. Ошондой эле мындай абалдарга карыз алуу да кирет.

Эмне кылуу керек: алына жараша жумушту баштап, аша чаап убада берүүнүн кереги жок.

2. Жалган айтуу жана өзүн-өзү алдоо ;

Адам жалган сүйлөгөн сайын башка ойду ойлоп табуу үчүн аябагандай көп образ керектелет. Бул учурда жүрөк менен алкымдын байланышы начарлап кетет. Мындайды “жан дүйнөнүн кыйналуусу” деп калышат. Чындыгында жалган сүйлөө жан дүйнөнүн кыйшаюусуна алып келет.

Эмне кылуу керек:эки жүздүүлүктү, өзүн-өзү алдоону коюп, чыныгы жүзүн көрсөтүүдөн коркпоо керек.

3. Таарыныч, түнттүк жана башка жол менен өзүн көпчүлүктүн арасынан обочолонтуу ;

Адам — бул ачык энергиялык система. Аны башкалардан бөлө берүү алсыздантат. Мисалы: айылга, шаарга же бир өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүк бербей, чек араны жаап койгон сыяктуу. Ошондой эле мындай адамдар маданияттан, өсүп-өнүгүүдөн артта калышат.

Эмне кылуу керек: туугандык, достук мамилелерди кеңейтип, катташып туруу керек. Ошондой эле атайын топторго, маданий иш-чараларда активдүү катышуу зарыл.

4. Коркунуч, ишенбестик, керексиз тирешүү, кастык ;

Коркунучтан жана ишенбестиктен адам таарыныч сыяктуу эле энергиясын алсыратып алат. Анткени, алар энергиялык ресурстарын катуу тирешүүгө, согушууга же качууга дайыма даярдап турушат. Бул абал адамды төмөн салаңдатып жиберет.

Эмне кылуу керек: кечиримдүү болууга, боорукеликке, жумшактыкка үйрөнүңүз.

5. Физикалык, эмоционалдык, маалыматтык окуяларды ашыкча жүктөө же табият менен байланыштын жетишсиздиги ;

Булар жумушун аша сүйгөн же айласыздан көп иштеген, сүйүү, ажырашуу сезимдерин өтө эмоционалдуулук менен кабыл алган адамдар. Адам өзүнө көп жумушту жүктөп салганда энергиясы азайып, күчү кетип ар кандай ооруларга тез кабылышы мүмкүн. Ушул сыяктуу эле аша чаап кубанычка, кайгыга кетирген энергия үчүн организмде бөйрөк безинен гормондор көп иштелип чыга баштайт. Мындан улам бөйрөк, без ооруларына кабылуу толук мүмкүн.

Эмне кылуу керек: Жашоо кандай учур, кандай абалга жолуктурбасын биринчи адам өзүнүн саламаттыгын ойлоосу керек. Бул жашоо убактылуу экендигин эстен чыгарбасак.

6. Туура эмес жана жетишсиз уйку ;

Эгерде туура эмес шартта же аз убакыт уктаганда организм күндүз керектелчү энергиянын камылгасын толук камсыздай албай калат. Мындайда уулуу заттар организмде топтолуп, биоритм бузулгандыктан мээ ашыкча маалыматтарды кабыл ала албай калат.

Эмне кылуу керек: Күн менен түндү туура пайдалана билиңиз. Эң пайдалуу уйку 20:00 дөн 1ге чейинки уйку. Анткени ал убакта мээ эс алат, калган убакта дене эс алат. Жакшысы режим кылып алып, уктоону адатка айлантыш керек.

7. Аша чаап, көп тамактануу, спирттик ичимдиктер, тамеки жана баңги заттарды пайдалануу ;

Көп тамактанууда заттарды сиңирип, уулуу заттарды чыгаруу үчүн энергия дагы көп сарпталат. Нерв системасынын, бөйрөктөрдүн жана ичегилердин иштөөсүн кыйындатат.

Эмне кылуу керек: Ченеми менен өз убагында, туура тамактанууну адат кылып алыңыз.

8. Көп сүйлөө, өзү менен өзү сүйлөшүү жана жаны тынбагандык ;

Сиз маани бербешиңиз мүмкүн, бирок сүйлөө үчүн дагы аябагандай көп энергия сарпталат.

Эмне кылуу керек: Макалда айтылгандай, көбүрөк тыңшап, аз сүйлөңүз

9. Айыккыс оорулар, айлана-чөйрөнүн терс таасири, энергиялык кан соргучтар ;

Энергиялык кан соргучтарга сиздин чөйрөңүздөгү жагымсыз, зыяндуу адамдар кирет. Ошондой эле экологиянын бузулуусу, оору, жаракаттар дагы адамдын жан дүйнөсүнө жарака кетирет.

10. Ашкере жыныстык мамилелер ;

Адамдардын сексуалдык маданиятынын төмөндүгү учурда көптөгөн жагымсыз окуяларга алып келүүдө. Мындан сырткары, ашкере жыныстык мамилелер организмде топтолгон энергияны тез арада жок кылат. Энергияны кайра калыбына келтирүү үчүн бир топ убакыт керек.

Эмне кылуу керектигин ансыз да ойлонуп калсаңыз керек.

Адамдын дем алуусунан баштап, ар бир кыймылына чейин энергия жумшалат. Ошол эле учурда таасирленүүлөргө дагы тең энергия керектелет. Ден соолугуңузга кам көрө билип, энергияны акыл менен иштетүү өзүңүздүн гана колуңузда.

  • Жакты
  • Жакпады

vika87 21 Aug 2015

Стресс,депрессия,санаанын дарылык каражаты-бул эн жакын адамды кучактоо экенин окумуштуулар далилдешти.Мында чыналган булчундар бошоп,кан айлануу жакшырып,артериалдык кан басым оз нормасына келет экен.

Кек кууган ,таарынчак адамдардын жашоосу оор болот.Очумду алсам деген ой жанын мите курттай жеп,мээсине кыттай уюп туруп алат.Ал оз кезинде ден соолугуна жана башка адамдар менен мамиле кутуусуно терс таасирин тийгизбей койбойт.

Жубайлардын ачылып суйлошуусу чон мааниге ээ.ар ким оз туйшугу,койгойу менен ичтен тынып журуунун аягы жубайына болгон таарынычы алып келет .Ошондуктан чечиле суйлошуу,тушунуу-жубайлардын мамилесиндеги маанилуу нерсе.

Депрессия деген эмне

Что о депрессии говорит Ислам?

Депрессия и стресс – болезни, поражающие современного человека. По своей распространенности эти недуги в мире занимают одно из первых мест и делить его с таким бичом, как рак. В стресс и депрессию человека могут ввести разнообразные внешние факторы: переутомление, горе, трудности и проблемы. Депрессия и стресс характеризуются такими последствиями: состояние подавленности, безнадежности, угнетенности и беспомощности. Депрессия и стресс считаются болезнями современного человека, на плечи которого взваливаются миллионы дел и эмоций, с которыми он не всегда в силах собладать и справиться.

Иногда приходиться слышать, что депрессия несовместима с верой. Однако всем людям одинаково свойственно переживать глубокие душевные терзания, упадок сил, сбои настроения, особенно при возникновении трудностей и проблем. Мусульманина отличает то, как он справляется с этим недугом. Пророк Мухаммад (мир ему) сказал: «Нет ни одного сердца, которое не закрывалось бы облаком подобно облаку, закрывающему луну, когда она сияет, и так, что внезапно становится темно, но когда оно (облако) уходит, сердце сияет вновь».

Во-первых, если у вас возникла депрессия, обратитесь к своему сердцу, прислушайтесь к нему. Возможно, есть что-то что заставило его ответить вам унынием и подавленностью? Возможно, вы совершили то, что опечалило вас, и то, чего не хочет принимать ваша душа и плоть. Возможно, так Всевышний подает знак, что вы сошли с истинного пути.

Пророк Мухаммад (мир ему) сказал: «Воистину, когда верующий совершает грех, он отмечается черной точкой на его сердце. Если он покается и оставит этот грех, и упрекнет себя за него, то очистится его сердце. А если он добавит ещё грех, то черная точка будет увеличиваться, пока не покроет все сердце, и это та пелена, о которой говорится в аяте: «Так нет же! Деяния их окутали пеленой их сердца»

Что же касается психологических расстройств в контексте ислама, Пророк Мухаммад (мир ему) сказал: «Аллах никогда не причиняет болезни, не предлагая от неё лечения; только знающие помнят об этом, а незнающие не помнят». Что же является лекарством от депрессии?

Дуа – лекарство от всех болезней

В любой сложившейся ситуации, в том числе депрессии, стрессе и любых других душевных расстройствах, главным в жизни верующего является Всевышний, в нем и лекарство от всех бед и к нему должно быть наше обращение. Всевышний Аллах и поклонение Ему – источник гармонии и душевного спокойствия. В любой сложной ситуации помните о Всевышнем, Всезнающем и Всевидящем. Просите Его облегчить ваши дела, ниспослать мудрость и терпение принимать то, что случилось, и силы справиться со этим. Милость Всевышнего всеобъемлюща, и она никогда не оставляет тех, кто просит о ней.

Борьба с депрессией и прочими недугами заключается в уповании на Аллаха. Уповая на Всевышнего, верующий предается воле Всевышнего, а это жизнь – всего лишь испытание, награда или же наказание за которое ждет каждого в вечной обители. Сердце обретает покой, зная, что все, что ни случается, – предначертание Всевышнего.

В любой непонятной ситуации, при болезнях сердца, ума и души совершайте дуа. Дуа – лекарство от всех болезней, наша связь с Всевышним, в руках которого наше облегчение и душевный покой. А лучшей профилактикой от депрессий и стрессов является соблюдение здорового образа жизни, соблюдение поклонения и совершение благих деяний.

Пожалуйста, сделайте репост этой статьи в соцсетях!

Ичкениңиз ирим, жегениңиз желимби? Стресс менен депрессиядан арылуунун жолдору

Журналист Гүлдана Талантбекова стресс жана депрессиянын себептери, кесепети жана андан чыгуунун жолдору тууралуу кеп кылат.

«Данакер» үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Чынара Термечикованын айтымында, стресс — жагымсыз окуялардын тийгизген таасири, ошондон улам киши тушуккан абал. Адам кыска мөөнөткө өзүн жоготуп, кудум эле асман түшүп кеткендей сезет. Стресс өрчүү деңгээлине жараша чоң жана кичине деп бөлүнөт. Кичине стресс майда-барат нерседен келип чыгат. Бир жагынан организмди анда-санда майда стресстер менен чочутуп туруу пайдалуу экен. Антпесе адам чоң стресске туруштук бере албай калат. Ал эми стресстин жыйындысы депрессия деп аталат.

«Депрессия болгон адамдын маанайы бузулулат, адамдар менен сүйлөшкөндү каалабайт, уйкунун качышы же тескерисинче, уктай берүү байкалат, кыжырданат, тынчсызданат, чарчайт, арыктайт же толуп кетет. Ыйлаак болуп калат, чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүгү азаят. Башкача айтканда, «чын жүрөктөн баары бир» деген кишиге айланат. Депрессияга көңүл бурбай, анын менен күрөшпөсө, ал адамды жан кечтиликке жетелеши мүмкүн», — деди психолог.

«Маселен, эшикте шамал болуп жатса сизге жагымдуу туюлганы менен мен үчүн ыңгайсыз сезилиши мүмкүн. Баланын кичинекей кезинен тарта социалдык жөндөмдүүлүктөрүн өстүрсө, мамиле курганды үйрөтсө, айланадагы процессти, жаратылыштагы өзгөрүүлөрдү түшүнүү менен кабыл ала алса стресске туруктуу болуп чоңоет», — деди Чынара айым.

Кайгы-капанын капканында калбаш үчүн эмне кылуу керек?

Ошондой эле стресстен чыгууга спорт менен машыгуу, сүйгөн ишиң менен алектенүү, жакын адамдарың менен баарлашуу, сүйгөн тамагыңды жасоо, дүкөн кыдыруу сыяктуу күнүмдүк нерселер жардам берет.

Психологдун айтымында, эгер стресстен арылуунун жолун таппай кыйналган учурда адиске кайрылуу зарыл. Адам болуп өткөн нерселерди унуттум дегени менен дене бардыгын сактап калат. Денедеги ачуу кайгы-капаны чыгарууга психотерапевт жардам берет. Анткени, эртеби-кечпи, ар бир адам стресс менен депрессияга дуушар болот.

«Невроз оорулары — социалдык дарт. Күнүмдүк жашоодо үй-бүлө, бир тууган, кесиптештер менен болгон мамиледеги пикир келишпестиктердин жыйындысы. Иш кылганда булчуңдар чарчаса, нерв түрдүү маалыматтардан чарчайт», — деди Бекбоев.

Сиз бул төртөөнүн кайсы түрүнө киресиз, биле жүрүңүз

Дарыгер стресс менен депрессия адамдын кулк-мүнөзүнөн да көз каранды экенин белгиледи. Атам замандан бери мүнөздөр төрт түргө бөлүнүп келет.

Пневматиктер — териси калың адамдар. Алар жөнөкөй нерсеге жооп кайтарбайт, чыдамкай келишет. Бирок ошол абалдан чыгып кетсе өтө коркунучтуу. Жан дүйнөсү талкаланса, көп убакытта калыбына келет.

Холериктер — териси жука адамдар. Маалыматты бат кабыл алып, ага реакция жасап ийишет дагы кайра тез чыгарып салат.

Сангвиниктер — маалыматты орточо кабыл алышат.

Меланхоликтер кыргызча айтканда «асан кайгылар». Болор-болбоско эле кайгырып, маанайын чөктүрө беришет.

Дарыгер белгилеп кеткендей ар бир адам уникалдуу. Неврологиялык ооруларды дарылоодо адис менен кеңешүү зарыл.

Что такое депрессия?

«Я потерял покой, согнулся до земли, целый день хожу опечаленный» (Псалом 38:6).

ЧТО ГОВОРЯТ ИССЛЕДОВАТЕЛИ

Плохое настроение время от времени бывает у каждого, однако депрессия — это мучительный недуг, омрачающий жизнь. Стоит заметить: не все специалисты согласны с тем, что считать обычным чувством подавленности, а что болезнью. Как бы то ни было, некоторых людей одолевают сильные отрицательные эмоции, сопровождаемые порой чувством никчемности и вины.

ЧТО ГОВОРИТ БИБЛИЯ

В Слове Бога рассказывается о многих мужчинах и женщинах, которые испытывали негативные эмоции. Например, Анна жила, «скорбя душой» (1 Самуила 1:10). Это выражение может быть передано как «сокрушенная сердцем» или «глубоко опечаленная». Однажды пророк Илья настолько пал духом, что молил Иегову о смерти! (1 Царей 19:4).

Христианам первого века повелевалось утешать «опечаленные души» (1 Фессалоникийцам 5:14). В одном справочнике отмечается, что выражение «опечаленные души» может относиться к тем, кто «временно подавлен из-за жизненных невзгод». Как видно, даже верные Богу мужчины и женщины иногда впадали в уныние.

Виноват ли человек в том, что страдает депрессией?

ЧТО ГОВОРИТ БИБЛИЯ

Слово Бога учит, что люди стали болеть из-за мятежа первой человеческой пары. Например, в Псалме 51:5 говорится: «В беззаконии я был рожден в муках, и в грехе зачала меня мать». А в Римлянам 5:12 объясняется, что через первого человека Адама «грех вошел в мир, а через грех — смерть, и таким образом смерть перешла на всех людей, потому что все согрешили». Поскольку все мы унаследовали несовершенство от Адама, каждый из нас подвержен недугам — как физическим, так и эмоциональным. Вот почему в Слове Бога сказано: «Все творение стонет и мучится» (Римлянам 8:22). Однако Библия дает надежду, которую не может предложить ни один врач,— это Божье обещание о прекрасном новом мире, в котором все болезни и расстройства, включая депрессию, будут устранены (Откровение 21:4).

Как справляться с депрессией?

«Иегова близок к удрученным сердцем, и сокрушенных духом он спасает» (Псалом 34:18).

ПОЧЕМУ ЭТО ВАЖНО

Нам не всегда под силу изменить свои обстоятельства, и время от времени мы неизбежно будем сталкиваться со злом (Экклезиаст 9:11, 12). Однако можно предпринять определенные шаги, чтобы не позволить негативным чувствам преобладать в своей жизни.

ЧТО ГОВОРИТ БИБЛИЯ

Слово Бога признаёт, что больные нуждаются во враче (Луки 5:31). Поэтому, если у вас серьезное эмоциональное расстройство, нет ничего неправильного в том, чтобы обратиться за медицинской помощью. Библия также подчеркивает ценность молитвы. В Псалме 55:22 говорится: «Возложи свое бремя на Иегову, и он поддержит тебя. Никогда не даст он поколебаться праведному». Молитва к Богу — это не психологический прием. Это живое общение с Богом Иеговой, который «близок к удрученным сердцем» (Псалом 34:18).

Вы также можете поделиться своими чувствами с близким другом (Притчи 17:17). Вот что говорит Даниела, Свидетель Иеговы: «Одна соверующая деликатно попросила меня рассказать о моем заболевании депрессией. Хотя годами я избегала таких разговоров, я скоро осознала, что это было как раз то, в чем я больше всего нуждалась. Я удивилась, какое облегчение принес мне этот разговор».

На главную страницу

1) Депрессия жана баш ооруларды Исламдын медицинасы менен кантип айыктырса болот?

Жооп: Депрессия деп адамдын ындыны өчкөн, басынган, чүнчүгөн абалы айтылат. Депрессиядан Куран окуу, анын маанилерине маани берүү, кулак салуу жана Куран менен жашаганда толук кутулат. Куран менен жашоо дегенибиз дин менен толук жашоо, диний дүйнө таанымды — акыйданы кармануу, Ислам шариаты менен жашоо менен түшүндүрүлөт.

2) Менин чоң көйгөйлөрүм бар. Алардын чечилүүсү үчүн ата-энеме, бир туугандарыма, жакындарыма, мага дуба кылып коюңузду көптөн көп суранабыз.

Жооп: Сен суранбасаң да биз дайыма намаздарыбызда, сабактарыбызда кимдин кандай тилек-максаттар ы болсо, Кудай Таалам жеткире көр деп дуба кылабыз. Кудайым жапырт тилектериңди кабыл кылсын, омийин.

3) Мончо салып иштегенге кандай карайсыз, устаз?

Жооп: Мончо салып иштеген адал жумуш. Үй, даараткана же башка курулуш иштерин кургандай эле кеп. Бирок, ошол салып жаткан мончону сойкулар келип ишмердүүлүгүн жүргүзө турган ниетте салса, ошол ниети үчүн күнөөкөр болору ыктымал.

4) Жолдошу аялына бензин чачып өлтүрдү. Аялынын 95%ы күйдү, өзүнүн 30%ы күйдү. Экөө тең намаз окушчу. Акырети эмне болот? Эркектер ушинтип жатса, кантип турмушка чыгабыз, устаз? Досторумдун алдында намысыма тийдиң деп аялын сабаса болобу?

Жооп: Алардын акыретин Кудай Таалама тапшырабыз. Намаз окуган эркек намаз окуган аялына эмне себептен ушундай кылганына менин да акылым жетпей турат. Балким аялы өзүнө-өзү чачып, калганын күйөөсүнө чачып күйгүзгөндүр. Анда “аялдар ушинтип жатса, кантип үйлөнөбүз” деп сурагандарга кантип жооп беришим керек?

Досторунун алдында намысыма тийдиң деп аялын сабаган жакшы эмес, акмактык. Ошол эле учурда, күйөөсүнүн жолдошторунун алдында өзүн кыйын көрсөтүп тейтелеңдеген, күйөөсүн тоготпой, андан өзүн жогору сезип кыйынсынган кээ бир акмак аялдар болот. Мындай шалп этектин кылганы да жакшы эмес.

Башка бирөөнүн кылганынын туура-туура эместигин териштирүүдөн сырткары, ар ким өзүнүн кылган-эткенин териштирүүсү абзел. Ар ким өзүндөгү айыпты издөө менен алектенсе, башкалардын айыбын көрүүгө убактысы да, жөндөмү да калбайт.

5) Шариятта кээ бир Аллага жакын адамдардын денеси чирибейт деген сөздүн канчалык чындыгы бар? Сүйөрбек.

Жооп: Фыкых китептеринде пайгамбарлардын , олуялардын, аалымдардын, шейиттердин, каарылардын, соопчулук максатында чын ыкластан (бекер) азан айткандардын денеси чирибейт. Жер алардын сөөктөрүн жебейт деп айтылат.

6) Бир бала Өзбекстандын чегарасын бузуп өтүп камалып калды. Бул камалышы тагдырбы? Эгер тагдыр болсо, ал өз ыктыяры менен өтпөдүбү?

Жооп: Кудай Таалам адамга тандоо-ыктыяр берет. Берилген ыктыярды пенде пайдаланат. Пендеси кандай пайдаланып кандай жыйынтыкка дуушар болорлугун Кудай Таалам алдын-ала билип, тагдырына жазып койгон. Ошол Өзбекстандын чегарасын мыйзамсыз бузуп өткөн бала тандоосу себебинен туура эмес ишти кылып камалды. Камалууну өзү тандап алды. Бул иштин баары анын тагдырына жазылган.

7) Кызымдын мазар чачы бар экен деп айтышкандыктан, чачын албай жүрөбүз. Мечитке барып кырктырып койсок болобу? Ушул туурабы?

Жооп: Мазар чач деп чачты алдырбай коюп, аны атайын мазарга алып барып кырктыруу туура эмес. Жөн эле кырктырып койгула. Же, кыз кишинин чачы узун болсун десеңер, анда өстүрүп койгула. Бирок, ошол чачка маани берүүнүн эч кереги жок.

8) Жубайым экөөбүз эки башка жашайбыз. Ортодо эки кызыбыз бар. Менин ажырашкым келбейт. Аялым ажырашам дейт. Эмне кылам, устаз?

Жооп: Башка жашасаң, аны тоготпогондой кылсаң, ал ажырашам дебегенде жарашам демек беле? Чогуу жашаганда махабат пайда болот. Аракет кыл, анын көңүл жибин табуунун аракетинде бол. Мындай учурларда бир аз романтик болсоң жакшы болот.

9) “Мекенди сүйүү — ыймандан” деген хадис экени туурабы? Ош, Абдулллах.

Жооп: Имам Сахаавий: “Мекенди сүйүү — ыймандан» деген хадисти билбейм. Анын кайсы булактан экенин да билбеймин. Бирок, айтылган маани эң туура” деп айткан. Имам Сагааний бул хадисти эч кандай хадис эмес, “маудуу”, жасалма хадис деп баа берген.

Демек, бул сөз хадис эмес, жөн гана адамдардын сөзү. Мааниси туура. Бул сөздүн мааниси төмөнкүдөй:

Мекенди сүйүү дегенде, жөн эле мекенине жан тартып, адилетсиздик менен колдой берсе, туура эмес деп бааланат.

Мекенди сүйүү дегенде мекенди жакшы көрүү, ага болгон сагыныч, урмат-сый, кызматы болсо, акылга эч каршы келбеген, мактоого татыктуу жумуш.

Мекенди сүйүү дегенде жалпы мусулман журттарын, анын ичинде өзүнүн кичи мекенин душмандардан коргоп калуу, анын чек-арасында туруу болсо, анда бул ыймандын талабынын дал өзү.

10) Намазда “Фатиха” сүрөсүнөн кийин, “бисмилляхти” айтуу керекпи? Ар бир рекетте “бисмилляхти” айтуу туурабы?

Жооп: Фатиха сүрөөсүнөн кийин басмаланы айтуу жөнүндө уламаларда эки түрдүү пикир бар. Мен дайыма айтып эле намаз окуймун.

11) Айкел жасап иштегенге болобу, устаз? Нурмат.

12) Нурали деген ысымды Нураалы деп өзгөртүп койсок болобу?

Жооп: Жөн эле Алий деп койгонуңар жакшы болот. Нурали менен Нураалынын айырмасы деле жок болуп жатпайбы?

13) Сизге түш жөнүндө көп суроо келип түшсө керек. Мен көп жылдардан бери түштүн себептерин изилдедим. Изилдөөлөрүмдү элибизге түшүндүрүп берүүдө мага жардам бере аласызбы? Өтүнөм, бул өтө маанилүү!

Жооп: Эгерде илимий таризде иш болсо, колумдан келген жардамымды берейин. Редакцияга байланышыңыз. А эгер башка максатта изилдөө болсо, жардам бере албайм.

14) Аялдын чачынын узундугу мынча болуш керек деген шариятта өкүм барбы?

Жооп: Жок. Бирок, эркектерге окшошпош керек деген жери бар. Ошого караганда аялдар чачын мүрүсүнөн кыска кылып жүрүүсү жактырылбайт. Канчалык узун болсо, ошончолук мактоого татырлык.

15) Японияда жасалма куурчактар жыныстык катнаш үчүн пайдаланылып жатат. Ушул туурабы?

Жооп: Туура эмес.

16) Атама болушуп агам менен катташпай калгам. Бул кылганым туурабы?

Жооп: Туура эмес. Сен катташа бер. Ал жаман адам болсо сен дагы жаман болушуң шартпы?

17) Эгер жолдошу уруксат берсе, же боюңдан алдыр десе, анда алдырса күнөө болбойбу?

Жооп: Жолдошу Кудай эмес го! Алдыруу же алдырбоо адамдын каалоосуна каралбайт. Кудайдын шариятынын негизинде гана болот.

18) Эгер эркек эки аял алса, бейиште кимиси менен бирге болот?

Жооп: Бейишке кимиси барса, ошонусу менен болот. Деги ошол эркек өзү бейишке барары кандай болор экен?

19) Аялы менен ажырашканына 4 ай болду. Кийинки кызга жашыруун үйлөнүп, жашыруун нике кыйдырып жашап жатканына 2 ай болду.Үйлөнгүчө ушинтип жашап турса болобу? Ош, Айсулуу.

Жооп: Жакшы эмес. Мынчалык абийирсиздикке жол бербөө керек. Кээ бирлер жашыруун никеге турганды банан жегендей эле жеңил көрүп алыптыр. Бул туура эмес.

20) 4 айлык баласы бар, дагы боюнда болуп калса эмне кылуу керек? Алдырса күнөө эмеспи?

21) Шариат менен жашаган Иран мамлекетинде “Нооруз” чоң майрам болуп саналат. Бизге эмнеге тыюу салынат?

Жооп: Ким айтты сизге алардын шариат менен жашап жаткандыгын? Экинчиден, маселени караганда адамдарга карап эмес, Аллага карап чечебиз. Нооруз мусулмандардын майрамы эмес. Нооруз жөнүндөгү менин макаламды окусаңыз, түшүнүп каласыз.

22)Убагында өзүнүн жакшы адам экени менен айырмаланып, бирок тез эле дүйнөдөн өтүп кеткен мусулман бир туугандарыбыз болуп жатат. Аларга биз бул дүйнөдө кандай жардам кыла алабыз? Талас.

Жооп: Жакшылык сооп иштерди аткарып, маркумга соопторду багыштап турсак болот.

23) Дамылла бильярдка кандай карайсыз, ойносо болобу?

Жооп: Негизи бул оюнга тыюу салуунун кереги жок. Намаз окугандан, үй-бүлөнү багуудан тоссо, кумар ойноого алып келсе, анда бул оюнду ойногон арам болот. Кээ бирөөлөр кечинде үйүнө барбай, достору менен ойноп жүрө берет. Булардыкы макрух. Жакшы эмес, жакшылыка алып барбайт. “Окуң намаз куптан, куптандан кийин зарыл ишиңиз болбосо, жатып алып уктаң!”

24) Менин үйлөнгөнүмө 1 жыл болду. Уулум бар. Бирок, никебиз кыйылган эмес. Эми эмне болот?

Жооп: Эч болбосо, кеч болсун! Кыйдыргыла! Өткөн ишке салават. Тооба кылгыла! Кудай Таалам кечиримдүү, кечирет. Кечиктирбегиле!

25) Зулум деген эмне? Анын канчалык зыяны бар?

Жооп: Зулум – башка бир адамдын укугун тебелеп, аны кемсинтүү, кордоо дегендик. Шариатта зулумдук арам. Зулумдук көргөн адамдын дубасы кабыл болот. Каргаса, каргышы мустажаб. Анын дубасынан сактануу керек.

26) Тер кийим менен намаз окууга болобу?

Жооп: Арак сыяктуу жаман ичимдиктин жыты келип турган тер болсо, аны жууп салуу керек. Кадимки тердин зыяны тийбейт.

27) Тааныш эжемдин үйүндө жүргөнүмдө кызынын телефону жоголот. Ошол телефонду менден көрүп жатышат. Эгер албасаң Куранды кармап айт деп жатат, эмне кылам? Каргап-шилеп жатыптыр мени. Каргышы өтөбү?

Жооп: Күнөөкөр болбосоңуз өтпөйт. Маани бербеңиз.

28) Балам төрөлгөндө азан айтпай эле ат коюп койгонбуз. Эч нерсе болбойбу? Балам төрөлгөндө жентек бералбадым, кийин берип койсом болобу? Москва.

Жооп: Азанды эми деле уктургула. Мечитте күн сайын беш маал кыйкырат. Ошону укса жетиштүү. Жентек, же акыйка тоюн качан берсеңиз да жарай берет. Ийгиликтин эрте-кечи жок.

29) Агам токко тартылып өлдү. Ошондо ал шейит кеткен болобу?

Жооп: Кимде-ким “акыйкат дин баарынан жогору болсун” деп өлгөн болсо, ошол адам шейит кеткен болот. Ошондой эле, кырсыктан өлгөндөргө да ошондой сооп берилет деп да айтылат. Кандай болгон күндө да, агаңдын ыйманы саламат болсун. Негизгиси ыйман менен кеткенге аракет кылуу зарыл. Ар бир мүнөттө акыретке узообуз ыктымал. Андыктан, дайым ыйман менен жүрүүнүн аракетинде бололу!?

Кудай Таалам ыйык Куранда айтат:

“Эй Момундар! Бир Алладан корккула!

Чын корккула, (жалгыз гана Ушундан,

Алыс болуп, арам ойдон бузулган.

Өмүр солку, жасап өтөөр иш азбы?)

Өлбөгүлө болбой туруп мусулман. ”

((Аалу Имраан: 102) Н. Алымбек))

30) Мектепти бүтсөң, врач болосуң дейт үйдөгүлөр. Мен Бишкектеги Көлмө медресесине тапшыргым келет. Бул жерде ата-энемдин айтканын кылайынбы, же илим алайынбы?

Жооп: Эч бир ата-эне перзентине жамандык каалабайт. Ошол эле учурда мойнунан байланган ит ууга жарабайт деген да кеп бар. Ата-энең менен кеңеш, кеңешип кескен бармак оорубайт. Кеңешпей калсаң, төө кыядан өткөн соң, “оо” дегениң курусун. Менин пикиримде медресеге окусаң баарыңарга жакшы болот.

31) Койдун көңүн сатса акчасы арам болбойбу?

Жооп: Жер семирткич катары сатса, адатка каршы келбейт. Адатка каршы келбесе, ошол эле учурда шариатта да тыюу салынбаса, сатууга уруксат болуусу зарыл. Имам Сиражуддин Оошийдин “аль Фатаава ас сираажиясынын» 416-бетинде мындай деп айтылат: “Мал байланган жердеги тезекти турган жеринен (чаппастан, омкорбостон) сатса болбойт. А бирок, аны топтоп (алып кетүүгө ылайыктап), андан соң сатса, шариатка туура келет”.

32) Эмран деген ат китепте барбы жана анын мааниси кандай? Алдын-ала чоң рахмат!

Жооп: Ооба. Куранда Аалу Имраан деген бүтүндөй бир сүрөө бар. Эмран ошол Имраандын бир аз бузулуп айтылуусу.

33) Менин жубайым Москвадан келип башка бирөө менен жүрүп кетиптир. Намаз оку десем болбойт. Кечирип кайра жашасам болобу?

Жооп: Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы деген экен кеменгер эл. Анын сыңарындай, намаз окуганга көнбөсө, көнгөн жагына көмкөрүлүп кете берсе айлаң не болоор экен ыя, карагым Эми-и, карап көр, адашкандын айбы жок кайтып үйрүн тапкан соң делет. Көңүлүң тартса, көкүрөгүңдөгү кирди чайкап, кечирсең а деле жакшы. Аккан сууну чыбык менен чапкандан так калбайт эмеспи. Кечирсең кечирем дейт Жараткан Эгем.

34) “Үч талак» дегенде гана талак түшөбү, же «талак, талак, талак» дегенде гана түшөбү?

Жооп: Садагасы, талакты гезит бетинен үйрөнбөйт. Молдонун астына чөгөлөп олтурсаң, олтургандан тизең ооруп, жамбашың жооруса, андан кийин буюрса, илим алсаң фыкыхтан, келээр кезеги менен маселеси талактын. Дааратсызга Куран карматпагандай эле, талактын маселесин илимге өзүн арнабаган адамга айтуу оңтойсуздук жаратат. Айтып койсоң ал сыяктуу жаранга, карапайым элдин жүзүн өзүнө каратат, айткан маселеси менен башты аңги-деңги айлантат.

35) Чүкө ойноого болобу?

Жооп: Болот. Зыяны тийбейт. Кумарга кирип кетсе, ойноого жол берилбейт. Сөөктөр жиндердин азыгы, аны менен истинжа кылууга болбойт. Истинжа кылбаса эле, жин ааламы капа болбойт. Зыяны да ушул себептен тийбейт. Динибизде малдын (арам өлгөн малдын деле) сөөктөрүн, жүндөрүн, тарамыштарын сатса, колу менен кармаса болот. Эми сатса болсо, кармаса болсо, анда эмне үчүн ойногонго болбосун?! Баса, арам өлгөн малдын терисин ийлемейинче сатууга болбойт.

36) Турмушка чыгарда баланын жеңеси, же эжелери кызды чечиндирип денесин, тулку-боюн көрсө болобу? Кийин жакпай калбаш үчүн. Бишкек, Гүлбар.

Жооп: Турмушка чыгаарда баланын апасы, жеңеси, же эжелери кыздын киндиги менен тизесинин аралыгынан башка жерин көрсө болот. Албетте, ошол турмушка чыга турган кыз уруксат берсе. Уруксат бербеген учурда жылаңбаш абалында көрсө болот. Мынчалык болуп калгандан кийин, кыз деле кийин айнып кетпеси үчүн, кыздын атасы, агасы, же жездеси жигиттин келбетин, денесин көргүсү келсе, жигиттин киндиги менен тизесинен башка жерин жылаңач абалында көрсө болот. Колтуктарын жана оозун жыттап көрсө да болот. Кыз тарап да, жигит тарап да көргөндөрүн башка бирөөлөргө айта турган болсо, шариатта арам ишти аткарып, аманатты бузушкан болуп эсептелет.

37) Баардык оору Алладан болобу?

Жооп: Ооба, берекем! Тагдырдагы бардык жакшылык жана жамандык бир Алладан гана болот. Кудай Таалам ооруну пендесине сыноо үчүн жиберет. Акыреттеги даражасы бийик болсун, Кудай Тааламдын өзүнө жакын болсун, анча-мынча пендечилик кылып кетирген күнөөлөрү кечирилсин деп берет ооруну. Ооруган адам тагдырына ыраазы болуп, жазмышына нааразы болбой, колдон келген аракети менен даарыланууга аракет кылса, кылганына береке болоор.

38) Атам жол кырсыгына учурап каза болду. Ошондо шейит кеткен болобу? Шейит кеткендер бейишке киреби?

Жооп: Бул жөнүндө жогоруда айттык. Шейит кеткендер пендеге карызы болсо, албетте суракта жооп беришет. Алла Таалам менен болгон мамилесинде кандайдыр бир кемчилик кетиришкен болсо, аны Кудай Таалам өзү билет. Канкен менен шейиттиктин даражасы жогору, бейиштин жогорку макамдары насип болоор.

39) Дааратта масх тартууну, же мурун чайкоону унутуп калсаң, дааратты башынан алуу туурабы, же ошол эле унуткан бөлүгүн алуу керекпи?

Жооп: Бул учурларда дааратты кайра баштан алуунун кажети жок. Унуткан бөлүктү гана жууп, чайкап, же масх тартып коюу жетиштүү болот. Анткени тартиби, катары, удаама–удаа даарат алуу даараттын парздарына кирбейт. Булар сүннөт жана адеп болгондуктан, кийин аткарып коюу жетиштүү.

40) Тумар тагынса болобу? Тумардын ичине арапча дубаларды салып жүрсө туурабы? Ош, Аман.

Жооп: Тумарды тагынгандан тагынбаган жакшыраак. Анткени, тумарды таккан адам ушул тумар мени сактайт деген пикирде болсо, акыйдасына коркунуч келип калат.Ал эми, мен тумарда катылган Кудайдын сөзүн сактап жүрөм, аны барктап жүрөм, Кудай Таалам мени сактасын десе, кээ бир аалымдар болот дешкени менен, аны менен дааратсыз жерге баскан болбойт, аны сактап жүрүү оголе машакат болот деп, акыр түбү такпай коюу жакшы дегенге келишкен. Мунун баары Куран аяттары жазылган тумарга тиешелүү. Куран аяттарынан башка түшүнүксүз нерселер жазылса, же карышкырдын тырмагы сыяктуулар тагылса – анда-ачык эле ширк болуп, адамды ыймандан чыгарат.

41) Ата-энем кичине кезимде каза болгон. Мени апамдын сиңдиси чоңойтту, окутту дегендей. Бирок эч мээрим менен өстүргөн жок. Азыр ал жалгыз. Аны кароого мен милдеттүүмүнбү?

Жооп: Чоңойткону, окутканы жетиштүү болбойбу сага?! Мээримди Кудай анын жүрөгүнө салбаса, ким мээримдүү болмок эле? Сени балдар үйүнө берип салганда, накта мээримсиз болот эле. Аны кароого аракет кыл. Адамдар итти деле күчү-күчүлөп багышат. Ага караганда бул киши биринчиден адам, экинчиден апаңдын сиңдиси, үчүнчүдөн сени баккан жана төртүнчүдөн жалгыз калган кемпир экен. Ушул сага жетээр бекен? Жыйынтыгында ким мээримсиз болгону турат?

41) Жолдошу аялына “сени менен жашабайм” десе талак түшкөн болобу?

Жооп: Талак маселесинде жубайлар чогуу келип кайрылышканда, толугураак жооп чыгат.

42) Биз дүңүнөн мөмө-жемиш алып кайра аны сатабыз. Бизден сатып алган эжелер таразадан алдап сатышат. Ошондо биздин ал эжелерге сатканыбыз күнөө болбойбу? Каракол, Мухаммедшариф.

Жооп: Таразадан алдап саткандар эч качан жарыбайт. Куранда «таразадан алдагандарга тозок болсун» дейт Кудай Таалам. Башка бирөөнүн алдаганы үчүн силер күнөөкөр болбойсуңар. Ошентсе да, аларга акыл-насаат айткандан тажаба да, чарчаба. Адегенде Алла Тааламды улуктап, Аны тааныт. Андан кийин Анын шариат динин тааныт. Акырында ал пенденин өзүн өзүнө тааныт. Ошентип олтуруп ыйманга келсе, акыретиң абат болот.

43) Ассаламу алайкум! «Мусулмандын парасатынан корк» деген хадистин маанисин кененирээк айтып коёсуздарбы, мүмкүн болсо?

Жооп: Берекем бул хадисти Хаафиз Ибн Абдул Барр риваяттайт. Шейх Альбааний хадисти “даьииф” дегени менен, хадистин чыныгы даражасы “Хасан”. Бул туурасында кеп узакка созулат. Бирок, жыйынтыгында бул хадис “Хасан” хадис болуп эсептелет. Хадистин тексти: “Момундун фарасатынан сактангыла! Анткени ал Алланын нуру менен карайт (көрөт)!”Хадист ин мааниси: Фараасат — сырткы кебете-кешпирди н (дене-бой, түс, ыраң, өң) акыбалдары аркылуу ички акыбалдарга далаалат табуу, далил келтирүү. Куранда, Бакара сүрөөсүнүн 273-аятында “аларды белгилеринен (алааматтарынан ) билесиң” деп айтылганын эске алсак, бул бап терең экендигин байкайбыз. Азирети Алий айтат: “Ким кандай нерсени ичине жашырбасын, тилинин булдуруктаганы менен жүзүнүн барактары аны ачып берет!”.

Имам Ибнуль Асиир фараасатты экиге бөлөт: (1) Алла Таала өзүнүн сүйүктүү пенделеринин, олуяларынын көкүрөгүнө салып, пенделердин ой-туюмун окуп, ичиндеги пирин билип турушат. Бул Кудай Тааламдын сүйүктүү пендесине берген керемети болуп саналат.

(2) Кулк-мүнөз, тажрыйба, дене-түзүлүш, далилдер аркылуу көкүрөгүндөгүнү көрүүгө далил табуу, ошол аркылуу үйрөнүү.

Момундун фараасатынан сактан дегени, аны алдагандан алыс бол, анткени Кудай Таалам ага билдирип турат. Чын ниеттен, ак дилден сүйлөш деген маани маңыз камтылган! Момундун жүрөгү Алла Тааланын нуру менен чулгангандыктан , ал ошол нур аркылуу баам-парасаттуу болуу макамына илинет.

Кантип фараасаттуу болобуз?

Көп китеп окуу, илим алуу менен. Илим, илим алуу менен болот;

Алла Таалага көп таат-ибаадатта болуу. Момун Алла Тааланын нуру менен көрөт. Момундун фараасаты барлыгын Мухаммад пайгамбарыбыз алайхис салам кабар берди;

Аалымдар жана акыл-эстүүлөр, хикмат ээлери менен мажилистерде чогуу болуу;

Кудай Таалам баарыбызды баам-парасаттуу момундардан кылган болсун!.

44) Көзү ачыктардын дубасы адамга таасир этеби?

Жооп: Даарат менен пакиза жүргөндөргө, ыйманы бекем болгондорго, намаз менен жүргөндөргө алардын таасири тийбейт. Жин-шайтандар менен иштешкендиктен көзү ачыктын бири калбай каапыр болуп, динден чыгат. Мусулман пендеси таңкы жана кечки зикирлерди такай айтып жүрүүсү милдет десек аша чапкандык болбойт

45) Ассалааму алейкум устаз! Шарияттын өкүмү боюнча кирди канча ирет чайкоо керек. Азыркы кир жуугуч машинасы шарияттын талабына жооп береби?

Жооп: Кийимге жуккан нерсенин изи кетсе, анын жыты кетсе таза болуп эсептелет. Азыркы кир жуугуч машинелерге жуулган кийимди таза болот деп билебиз. Колдон келсе намаз окуй тургандардын кийимин өзүнчө, намаз окуй элек жаш балдардын кийимин өзүнчө жууган жакшыраак. Же заара тийген жаш балдардын кийимин бир ирет чайкап жиберип, андан соң жалпы кийимге кошсо, максатка ылайыктуураак болот.

46) Чачты чогултуп жерге көмүш керекпи же ыргыта берсе болобу?

Жооп: Чачты мүмкүнчүлүк болсо, жерге көмгөн жакшыраак. Ага мүмкүнчүлүк жок болсо, таштанды салчу кагазга салып, жалпы таштандыга кошсоңуз болот.

47) Дамылла бильярдка кандай карайсыз, ойносо болобу?

Жооп: Негизи бул оюнга тыюу салуунун кереги жок. Намаз окугандан, үй-бүлөнү багуудан тоссо, кумар ойноого алып келсе, анда бул оюнду ойногон арам болот. Кээ бирөөлөр кечинде үйүнө барбай, достору менен ойноп жүрө берет. Булардыкы макрух. Жакшы эмес, жакшылыка алып барбайт. “Окуң намаз куптан, куптандан кийин зарыл ишиңиз болбосо, жатып алып уктаң!”

48) Менин үйлөнгөнүмө 1 жыл болду. Уулум бар. Бирок никебиз кыйылган эмес. Эми эмне болот?

Жооп: Эч болбосо, кеч болсун! Кыйдыргыла! Өткөн ишке салават. Тооба кылгыла! Кудай Таалам кечиримдүү, кечирет. Кечиктирбегиле!

49) Зулум деген эмне? Анын канчалык зыяны бар?

Жооп: Зулум – башка бир адамдын укугун тебелеп, аны кемсинтүү, кордоо дегендик. Шариатта зулумдук арам. Зулумдук көргөн адамдын дубасы кабыл болот. Каргаса, каргышы мустажаб. Анын дубасынан сактануу керек.

50) Тер кийим менен намаз окууга болобу?

Жооп: Арак сыяктуу жаман ичимдиктин жыты келип турган тер болсо, аны жууп салуу керек. Кадимки тердин зыяны тийбейт.

51) Тааныш эжемдин үйүндө жүргөнүмдө кызынын телефону жоголот. Ошол телефонду менден көрүп жатышат. Эгер албасаң Куранды кармап айт деп жатат, эмне кылам? Каргап-шилеп жатыптыр мени. Каргышы өтөбү?

Жооп: Күнөөкөр болбосоңуз өтпөйт. Маани бербеңиз.

52) Балам төрөлгөндө азан айтпай эле ат коюп койгонбуз. Эч нерсе болбойбу? Балам төрөлгөндө жентек бералбадым, кийин берип койсом болобу?

Жооп: Азанды эми деле уктургула. Мечитте күн сайын беш маал кыйкырат. Ошону укса жетиштүү. Жентек, же акыйка тоюн качан берсеңиз да жарай берет. Ийгиликтин эрте-кечи жок.

Другие статьи

  • Аскорутин таблетки инструкция по применению детям Аскорбиновая кислота+Рутозид 1 таблетка содержит активное вещество: аскорбиновой кислоты 50,0 мг и рутозида в пересчете на безводное вещество 50,0 мг. Фармакотерапевтическая группа Фармакологическое действие Аскорбиновая кислота участвует в регуляции окислительно- […]
  • Социальный центр помощи семьи и детям выборгского района Наш основной адрес: Санкт-Петербург, 2-й Муринский пр., д.19, лит.Е Телефон: +7 (812) 294-28-76. Факс: (812) 294-05-17 E-mail: [email protected] До нас можно добраться на: - трамваях №55, 40 до остановки "улица Обрели", - трамваях №20, 21 и автобусе №86 до […]
  • Британское воспитание детей Английское детство: кто и как воспитывает детей в Британии Английское детство: кто и как воспитывает детей в Британии Ответить на вопрос «Как англичане воспитывают своих детей?» довольно непросто, потому что в Англии очень много эмигрантов, которые исповедуют правила […]
  • Образец отпуска по уходу за ребенком до трех лет Как оформить отпуск по уходу за ребенком до 3 лет? Декрет очень ограничен по своей продолжительности. И если малыша не на кого оставить, женщина может взять еще один отпуск, который называется «по уходу за ребенком до достижения трехлетнего возраста». Стоит различать […]
  • Как рассчитать пособие по уходу за ребенком до 3 лет в 2019 году Пособия по беременности и уходу за ребенком вырастут в Удмуртии Максимальный размер месячных выплат составит 26 тысяч рублей С 1 января 2019 года максимальный размер ежемесячного пособия по уходу за ребенком до полутора лет вырастет до 26 тысяч рублей. Об этом […]
  • Калькулятор отпускные по уходу за ребенком до 15 лет Калькулятор пособия по уходу за ребенком до 1.5 лет Онлайн-калькулятор поможет вам точно и быстро вычислить сумму детского пособия. Выплаты полагаются не только матери – получить средства вправе любой родственник, осуществляющий фактический уход (бабушка, отец и пр.). […]
Смотрите так же:  Как заподозрить у ребенка аутизм